Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Сирия: БУУ өлгөндөрдү саноону токтотту


Бириккен улуттар уюму Сириядагы жарандык согуштан мерт кеткендерди саноону токтотот. Мындай чечим каза болгондор тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн тактоо мүмкүн болбой калганы үчүн кабыл алынды. Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Руперт Колвилдин айтымында, эл аралык уюмдун эксперттери согуш жүрүп жаткан аймактарга кирип, согуш курмандыктары тууралуу маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бириккен Улуттар уюму июнь айында Сириядагы жарандык согуштан 100 миңден ашык адам өлгөнүн кабарлаган. Бул аты-жөнү жана туулган жылы такталган адамдардын саны. Ал эми "Сирия обсерваториясы" аттуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан адам укугу боюнча уюм "үч жылга жакын убакыттан бери жүрүп жаткан согуштан 130 миң адам апаат кетти" деген маалыматты таратууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG