Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Ош шаардык кеңешине жаңы төрага шайланды


Ош шаардык кеңешине жаңы төрага болуп “Республика” фракциясынын депутаты Улан Примов шайланды. Бүгүнкү жыйында ага коалициялык көпчүлүктү түзгөн КСДП, “Замандаш”, "Адилеттүү Кыргызстан" жана “Республика” фракцияларынын 23 депутаты добуш берди.

Оппозициядагы “Улуттар биримдиги” жана НДПК фракцияларындагы 22 депутат жыйынга катышкан жок.

Шаардык Кеңештин мурдагы төрагасы Таалай Сабиров жаңы жыл алдында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрага орунбасары болуп дайындалган.

Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. (SE\ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG