Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Ош мэрлигине талапкерлер тил сынагынан өтөт


Оштун калаа башчылыгына талапкерлер Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев бүгүн мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов билдирди. Оозеки жана жазма түрүндөгү сынак бүгүн түштөн кийин болот.

Мэрлик кызматка Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана НДПК партиялары көрсөткөн.

Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Кубанычбек Кулматов мамлекеттик тил сынагын 6-январда тапшырып, комиссия мүчөлөрү ага кыргыз тилди билет деп баа беришкен. “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары өз талапкерин бүгүн жарыялай турганын билдиришти.

Эки шаардын мэрин шайлоо 15-январда болот. Талапкерлерди каттоо бүгүн 8-январда аяктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG