Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Өзбекстан берчү газдын баасы бычылды


2014-жылдын биринчи кварталында Өзбекстан Кыргызстанга газды үзгүлтүксүз берип турат. “Кыргызгаз” ишканасы “Узтрансгаз” менен мындан аркы иштешүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаздын” жетекчисинин орунбасары Куралбек Наскеев билдирди.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында өзбек тарап 25 миллион куб метр көгүлтүр от берет. Анын ар миң куб метрине 290 доллардан акча төлөнөт. Өзбекстандан келчү газды негизинен өлкөнүн түштүк аймагы колдонот.

Андан сырткары, Казакстан менен да биринчи квартал үчүн келишим түзүлгөн. Коңшу өлкө бул аралыкта 100 миллион куб метр көгүлтүр от берет. Анын миң куб метрине 224 доллардан акча төлөнөт.

Жаңы жыл алдында Жогорку Кеңеш “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча келишимди ратификациялаган. Келишим учурда Орусия думасынын кароосунда турат. (SE)

XS
SM
MD
LG