Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Депутаттар мэр шайлоону ачык өткөрүүнү сунушташты


Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар тобу мэр шайлоо жараянын ачык өткөрүүнү сунуштап жатышат. Бул үчүн алар “Кыргызтелеком” менен сүйлөшүп, шайлоону интернеттен жарандарга онлайн көрсөтүү тууралуу макулдашкан.

КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” фракцияларындагы алты депутатка таандык бул демилге жарандар менен шаардык кеңеш ортосундагы ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында көтөрүлүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бул тууралуу аларга маалымат келе элек.

Онлайн көрсөтүү боюнча азырынча бир чечим кабыл алына элек.

Шаар мэрлигине талапкер катары азырынча Кубанычбек Кулматов аталууда. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары өз талапкерин бүгүн жарыялай турганын билдиришкен. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG