Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Ош: мэрликке талапкерлер кыргыз тилден сынак тапшырышты


Ошто калаа башчылыгына талапкерлер – Айтмамат Кадырбаев менен Мелис Мырзакматов кыргыз тилинен сынак тапшырып, экөө тең мамлекеттик тилди билет деп табылды.

Сынак бүгүн шаардык шайлоо комиссиясында өттү. Тил боюнча адистер эки талапкерге 30 мүнөттөн убакыт берип, оозеки жана жазма түрдө кыргыз тилин билүү деңгээлине байкоо салышты.

Мэрлик кызматка Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана НДПК партиялары көрсөткөн.

Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган. (ErN\SE)

XS
SM
MD
LG