Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстан менен Тажикстан орток чек араны чогуу кайтарат


Тажикстандын мамлекеттик кызматкерлери бүгүн билдиргендей, кыргыз, тажик чек арачылары жана тартип коргоочулары талаштуу чек ара аймактарын биргеликте кайтарышат. Бул тууралуу келишим Дүйшөмбү калаасында өтүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүдө макулдашылды. Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов менен тажик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Дүйшөмбү калаасында 7-январда башталган. Сүйлөшүү эртең да уланаары күтүлүүдө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, буга чейин кыргыз чек арачылары өзбекстандык кесиптештери менен талаштуу тилкелерди чогуу кайтарган.

9-январь күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшембиев Исфара шаарына барып, тажик кесиптештери менен алдыда аткарылчу иштерди талкуулашат. (JCh\SE)

XS
SM
MD
LG