Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Ирактын өкмөт башчысы куралчандарды багынууга үндөдү


Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики ошондой эле согушкерлер басып алган аймактардагы тургундарды куралчандарга каршылык көрсөтүүгө үндөдү:

– Мен Фалужа шаарынын тургундарын жана уруу элдерин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бул карасанатайларга каршы биригүүгө чакырам. Анткени Фалужжа буга чейин көп жолу согушту жана кыйроону башынан өткөрдү. Биз бул шаардын азап тартышын такыр каалабайбыз. Эгер уруулар ал-Каида менен кармашып, аларды кууп чыгууга даяр болсо, биз күч колдонбойбуз.

Фалужанын айрым дубандарын өткөн аптада сунни согушкерлери каратып алган эле. "Азаттыктын" Ирактагы кабарчылары билдиргендей, айрым бөлүктөрүн согушкерлер каратып алган Анбар дубанындагы Рамади шаарында бүгүн бир топ мектеп, дүкөндөр ачылды.

XS
SM
MD
LG