Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Өкмөт башчы журналисттер менен жолугат


Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев журналисттерге Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, акыркы мезгилде Кумтөр маселесинин айланасында такталбаган маалыматтар орун алууда. Мындан улам өкмөт башчы журналисттерге Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат бермекчи.

Сентябрь айында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырып, эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынарын эскерткен болчу. 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50/50% болгон баштапкы сунушту калтырган. Ушул апта башында президент Алмазбек Атамбаев бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жүйө менен, аны кайра чакырып алуу тапшырмасын бергени кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG