Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Ирак: Фаллужа өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү


Ирактагы согушкерлер басып алган Фаллужа жана Рамади шаарлары толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү. "Азаттыктын" Ирактагы кабарчылары билдиргендей, өздөрүн “Ирак ислам өлкөсү жана Леванта” деп атаган, “ал-Каидага” байланышы бар топтун согушкерлери кечээ өз эрки менен Фаллужадан чыгып кетишти. Акыркы күндөрү Фаллужанын он миңдеген тургундары шаарды таштап кетүүгө мажбур болушкан. Андан мурун Анбар провинциясынын борбору Рамади шаары өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөн. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики согушкерлер басып алган аймактардагы тургундарды куралчандарга каршылык көрсөтүүгө үндөгөн болчу. Шаршембиден тарта Рамадидеги жашоо өз нугуна түшүп, айрым дүкөн, базар жана банктар иштей баштады.

XS
SM
MD
LG