Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Камактагы милиционерлерге байланыштуу сүрөт иликтенет


Нарында милиция кызматкерлеринин токмогунан каза тапты делген Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн интернетке жайылган сүрөттөрү иликтенет. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.

Анын айтымында, сүрөттөр качан тартылганы жана шектүүлөр мас же соо абалда болгону азырынча белгисиз.

Бүгүн интернетке чыккан сүрөттөрдө Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү делгендер гитара чертип, аскер кийимчен кишилер менен эс алып отурган учуру көрсөтүлгөн. Сүрөттөр алар камакта отурган жерде тартылганы айтылат.

1-декабрь күнү Кара-Кече көмүр кенине кире бериште милиция кызматкерлери менен Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев чатакташа кеткен. Ал тартип коргоо кызматкерлеринин токмогунан ооруканага жетпей, жолдон каза болгон. Бул боюнча Нарын облустук ИИБнын атайын отрядынын үч кызматкерине кылмыш иши козголгон. Ишти Жумгал райондук прокуратурасы карап жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG