Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Түндүк Корея: Родман кечирим сурады


Белгилүү америкалык экс-баскетболчу Деннис Родман Түндүк Кореяда камакта жаткан америкалык дин үгүттөөчүсү Кеннет Рей боюнча айткандары үчүн кечирим сурады. CNN телеканалына берген маегинде Родман камалгандыгы үчүн Бей өзү күнөөлүү деген ойду айтып, укук коргоочулардын жана Бейдин үй-бүлөсүнүн сынына кабылды

Родман кечирим сурап жатып бул сөздөрдү мас абалында айтканын да кошумчалады. Родман ошондой эле шаршемби күнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды баскетбол таймашы алдында туулган күнү менен куттуктап, ыр ырдаган. Укук коргоочулар Деннис Родмандын адам укуктары сакталбаган Түндүк Кореяга барып, анын лидерин макатаганын сындашууда.

Деннис Родман Түндүк Кореяга ушуну менен төртүнчү жолу барууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG