Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Орусияда кыргызстандыктарды аткан адам кармалды


Орусиянын Подмосковье аймагында кыргызстандык эки жарандын бутуна аткан адам кармалды. Москвадагы кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдиргендей, ал 1968-жылы туулган жергиликтүү тургун. Учурда милицияга сурак берип жатат.

8-январь күнү аңчылык кылуучу мылтыктын огунан жабыркандар Баткен облусунун Исфана шаарынын тургундары экени аныкталды. Алардын бири 33 жаштагы Зарипжан Турсунбаев жана 28 жаштагы Өткүр Турсунбаев. Зарипжан Турсунбаев Орусиянын жарандыгын алган.

Жабыркагандардын айтымында, алар ошол күнү Нурик аттуу таанышына барып, мурда алган 9000 рубль карызын доолашкан. Жаңжалдан улам, Нурик жашаган үйдүн ээси чыгып, аларга ок чыгарган.

Окуя боюнча тергөө амалдары уланууда. Ок тийгендер ооруканада. (SE)

XS
SM
MD
LG