Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Ошто суук түшкөндөн бери үч селсаяк тоңуп өлдү


Суук түшкөндөн бери Ош шаарында үй-жайсыз үч селсаяк тоңуп, каза болду. Алар 44 жаштагы Бакыт Келдибеков, 39 жаштагы Бакыт Сыдыков жана 36 жаштагы Жыпара Мырзабекова. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Милициянын эсебинде учурда Ошто 59 селсаяк бар. Эң жашы 1994-жылы туулган. Аймакта аларды убактылуу баш калкалата турган атайын мекемелер жок.

Өткөн жылкы кышта түштүк калаада 4 селсаяк тоңуп өлгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG