Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Багдадда жардыруудан 13 адам мерт кетти


Бейшемби күнү Багдадда жанкечти чабуулунан Мутханн аэропортунун жанында аскерге жаңы чакырылып жаткан 13 жигит мерт кетти, 30 адам жараат алды. Бул тууралуу Ирак бийликтери жана дарыгерлери кабарлады.

France-presse маалымат агенттигинин кабарлашынча, бийлик жаштарды Анбар провинциясында “Ал-Каидага” каршы күрөшүүгө чакырган, жигиттер алар менен күрөшүүгө макул болуп келишкен.

Азырынча чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Өткөн жумада «Иракта жана Леванттагы Ислам мамлекети» тобунун мүчөлөрү Анбар провинциясында жайгашкан Фаллуджи жана Рамади шаарларынын көпчүлүк бөлүгүн өз көзөмөлүнө алышкан.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоочу эл аралык уюму бүгүн бул провинцияда бардык тараптар адам укугун бузууда деп сындады. Фаллуджи жана Рамадиде акыркы жума ичи 250 адам мерт кеткени, 13 миң үй-бүлө көчүрүлгөнү кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG