Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

АКШ ооган бийлигинин чечимине кабатыр


АКШ ооган бийликтеринин 70тен ашык соттолгон адамдын эркиндикке чыгаруу боюнча чечимине тынчсыздануусун билдирди. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жен Псакинин билдиришинче, эркиндикке чыгарыла тургандардын арасында оор кылмыштарга айыпталган адамдар бар жана алар Ооганстандын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. Ага чейин АКШ конгрессмендеринин тобу Ооганстандын президенти менен жолугуп, абактагы бул адамдар бошотулса, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка доо кетерин эскерткен болчу.

Бирок буга карабай бейшембиде ооган президенти Хамид Карзайдын администрациясы мурда соттолгон 72 адамдын боштондукка чыгарыларын, алардын коопсуздукка коркунуч алып келбей турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG