Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Музейден уурдалган сүрөт табыла элек


Бишкектеги Көркөм өнөр музейинде уурдалган XIX кылымдагы орус элинин көрүнүктүү сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин сүрөтүн издөө уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, азырынча издөө иштеринен жыйынтык чыга элек. Учурда сүрөттүн жоголушун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия да иликтеп жатат.

Иван Айвазовскийдин "Крымдагы деңиз пейзажы" музейден 27-декабрда уурдалып кеткен. Аталган сүрөт 1866-жылы тартылып, Кыргызстанга 1955-жылы Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген.(BkA)

XS
SM
MD
LG