Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Amnesty International Аблязов боюнча сот чечимине тынчсызданды


Эл аралык Amnesty International уюму француз бийликтерин бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязовду Орусияга же Украинага экстрадиция кылбоого чакырды. Уюмдун юристи Жулия Холдун айтымында, Орусия жана Украинанын атайын кызматтары казак укук коргоо органдары менен тыгыз иштешет. Мындан улам бул өлкөлөр Аблязовду оңой эле Казакстанга өткөрүп берип коюшу мүмкүн. Amnesty International өз кайрылуусунда Казакстанда абактагыларга кыйноо кеңири колдонулганын да эскерткен.

Бейшембиде Франциянын соту экс-банкир, олигарх жана казак оппозиционери Мухтар Аблязов Украинага же Орусияга экстрадицияланышы керек деген чечим чыгарган.

50 жаштагы Аблязов июлда Канн шаарынын жанындагы Ривьерада кармалып, камакка алынган. Банкир 6 миллиард долларды БТА банктан алган деп айыпталууда. Аблязов өзүнө коюлган айыптарды саясий басым деп баалап келет.

XS
SM
MD
LG