Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Кадамжай шаарынын мэри кызматтан бошотулду


Кадамжай шаарынын мэри Асанбай Пазылов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул тууралуу бүгүн Кадамжай шаардык мэриясынан билдиришти. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп буга чейинки вице-мэр Чыңгыз Тагаев дайындалды.

2013-жылдын декабрь айында Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 14ү шаар мэри Асанбай Пазыловго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Депутаттар Пазылов шаардык кеңеш менен кеңешпей туруп жергиликтүү бюджеттин акчасын сарамжалсыз коротконун айтып чыгышкан. Экс-мэр алардын билдирүүсү негизсиз экенин белгилеген болчу.

Асанбай Пазылов мэр болуп, 2013-жылдын январь айында шайланган. Анын талапкерлигин ошол кезде 21 депутаттын 11и колдогон. Келерки мэр шайлоо качан болору азырынча анык эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG