Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

“Ата Мекен” Бишкектеги №1 абактагы абалды талкуулап жатат


Парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары Бишкектеги №1 абактагы абалды талкуулап жатат. Алар “Мегаком” компаниясындагы мыйзамсыз иштер боюнча айыпталып, аталган абакта жаткан Раушан Рыкунованын кайрылуусунун негизинде Бишкектеги абакка барышкан.

Рыкунова буга чейин ушул абакта отурган Абдулла Юсупов өз каалаганын жасап жүргөнүн, алар үчүн абакка сырттан кыздар киргизилип турарын айткан.

Депутаттар Рыкунованын берген маалыматтарынын негизинде кылмыш иш козголуп, текшерүү жүрүшү керектигин билдиришүүдө.

Ошондой эле Мамлекеттик жаза өтөө кызматын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин ишмердиги да текшерилиши зарылдыгын белгилеп жатышат. Алар Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошонуп кетишине да Рысалиевдин тиешеси бар экенин айтып келишет.

"Ата-Мекен" фракциясынын бүгүнкү жыйынына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мүчөлөрү жана прокурорлор катышууда. (SE/KJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG