Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Сатыбалдиев: Кумтөр келишими чакырып алынбайт


Кумтөр боюнча келишим артка чакырып алынбайт. Айрым техникалык каталары гана оңдолот. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев журналисттер менен жолуккан учурда билдирди.

Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр келишимин чакырып алуу боюнча жазуу түрүндө өкмөт башчыга көрсөтмө берген эмес. Өлкө башчы менен концепция оозеки талкууланган.

Президент Кумтөр боюнча келишимди артка чакырып алуу тууралуу буйрук бергенин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 9-январда "Азаттыкка" өз булактарына таянып билдирген болчу.

Сатыбалдиевдин билдирүүсүндө, “Центерра Голд” 50 пайыздан аз үлүшкө азырынча макул боло элек.

Өткөн жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынары эскертилген. Бирок 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50/50% бойдон калтырылган болчу. (SE\EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG