Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Кумтөрдү башка компанияга берүү маселеси каралган жок


Кумтөрдү иштетүүгө кызыкдар Anglo Asian компаниясынын сунушун өкмөт олуттуу кабыл алган жок. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев журналисттер менен жолуккан учурда билдирди. Анын айтымында, аталган компаниянын өзүнө алган милдеттенмелери анчалык ишенимдүү эмес.

Anglo Asian компаниясы Англияда катталган. Бирок Азербайжанда иш жүргүзөт. Ишкана жетекчилиги Кумтөрдүн пайдасынын 70 пайызын Кыргызстан, 30 пайызын өздөрү алуу сунушу менен декабрдын соңунда кыргыз өкмөтүнө кайрылган.

Кыргыз тарап “Центерра” менен маселе бир жаңсыл болмоюн башка компаниялардын сунушун кароого эрте экени айтылган.

Кумтөр келишиминдеги Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү тууралуу парламент депутаттарынын талабы азырынча натыйжа бере элек. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG