Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Ооганстанда авиакырсыкта НАТОнун үч кызматери набыт болду


Ооганстандын түштүгүндө болгон авиакырсыкта НАТО контингентинин эки аскерий жана бир жарандык кызматкери набыт болгонун эл аралык күчтөрдүн жетекчилиги билдирет. Учактын кайда кыйраганы жана каза тапкандардын аты-жөндөрү айтыла элек. Маалымат каражаттары кырсыкка кабылгандар АКШнын жарандары деп кабарлап жатат.

Буга чейин НАТО күчтөрүнүн жетекчилигинин өкүлү 17-декабрда чабуулда кыйраган Blackhawk тик учагында алты америкалык жоокер мерт болгонун тастыктаган. АКШнын Коргоо министрлиги болсо тик учакка чабуул болгонуна далил жоктугун билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG