Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Кремл чечендерге компенсация төлөөгө милдеттендирилди


Адам укуктары боюнча Европа соту Кремлди 2000-2006-жылдары Чеченстанда дайынсыз болгон 36 кишинин туугандарына эки миллион евродон ашуун компенсация төлөп берүүнү милдеттендирди. Эл аралык сотко кайрылгандар алардын туугандары орусиялык аскерлер тарабынан мыйзамсыз кармалып, белгисиз жактарга алынып кеткен, орус бийликтери болсо адам уурдоолор боюнча тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзгөн эмес деген негизде арызданышкан.

Страсбург соту орус бийликтери Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын бир нече беренесин бузган, анын ичинде жашоого болгон укук, кыйноолорго тыюу салуу, жеке кол тийбестикке болгон укук, эффективдүү укуктук коргоо укуктары бузулганын билдирет.

«Мемориал» укук коргоо уюмунун башчысы Александр Черкасовдун пикиринде, Европа соту согуш жүргөн аймактарда күч менен адам уурдоо боюнча кылмыш жасагандарды жоопко тартуунун мөөнөтү жоктугун далилдеди.

XS
SM
MD
LG