Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Хомс шаарында ондогон козголоңчулар набыт болду


Сириялык маалымат каражаттары менен оппозициялык активисттер Хомс шаарында ондогон козголоңчулар набыт болгондугун билдирет. Алар Хомстогу оппозиция ээлеп алган райондорду өкмөттүк күчтөрдүн бошотуу операциясында каза тапты.

Мамлекеттик «САНА» агенттиги бери дегенде 37 киши каза тапканын кабарлады. Британияда жайгашкан Адам укуктарына байкоо салган борбор шаршембиден бейшембиге оогон түндөгү катуу кармашта 45 киши өлгөнүн билдирет.

Укук коргоочулар өлкөнүн түндүгүндө жана чыгышында козголоңчулар менен “ал-Каидага” байланышкан “Сириядагы ислам мамлекети жана Леванте” тобунун согушкерлери ортосунда апта бою уланган кармашта 500 киши жок болгонун билдирет.

Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча үч жылга созулуп бараткан согушта 130 миңден ашуун киши өлүп, миллиондогон адамдар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG