Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

АКШда менчик космостук кеме учурулду


Кошмо Штаттарда менчик космос кемеси Эл аралык космостук станцияга жүк алып кеткенин “Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы билдирет. Бейшембиде Виржиния штатындагы Уоллопс космодромунан Antares ракетасы Cygnus жүк ташыган корабли менен ийгиликтүү старт алды. Аэронафтика боюнча улуттук агенттик Orbital Sciences жеке фирмасы менен келишим түзүп, космоско сегиз жолу жүк жиберет.

Cygnus менен Эл аралык космос станциясынын жалгашуусу 12-январда ишке ашат. Кемеде илимий иштерди жүргүзүүгө жабдыктар, МКСтин экипажы үчүн кийим-кече жана тамак-аш бар.

Жүк ташуучу кемени учуруу алгач 19-декабрга пландалган, бирок техникалык себептерге байланыштуу кийинкиге калган. Шаршембиде НАСА 2024-жылга чейин Эл аралык космос станциясында ишке ашкан долбоорлорго катышуу чечимин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG