Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча келишим долбоорун кайра чакыртып албайт


Кыргыз өкмөтү 23-декабрда сунуштаган Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңештен кайра чакыртып албайт. Өкмөт документтеги стилистикалык каталар жана жана котормодогу так эместиктерге байланыштуу парламенттеги фракциялардан жана комитеттерден аны карабай туруу жөнүндө өтүнүч жөнөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 10-январда маалымат жыйында билдирди. Ошол эле учурда өкмөт башчы келишимдин негизги мазмуну өзгөрбөй турганын белгиледи.

Буга чейин президент Атамбаев келишимдин долбоорундагы айрым пунктар Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин айтып, долбоорду чакыртып алууну өкмөткө буйруганы жөнүндө маалымат тараган.

Өткөн жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынарын эскерткен. 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50/50 бойдон калтырылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG