Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Amnesty International Cочи олимпиадасын утурлай баяндама жарыялады


8-февралда Сочиде ачыла турган XXII Олимпиада оюндарынын алдында эл аралык Amnesty International уюму Орусиядагы адам укуктарынын абалын иликтеген баяндамасын жарыялады. Докладда 2011-2013-жылдары Орусияда болгон массалык митингдерден кийин президент Владимир Путин кол койгон “репрессиялык” мүнөздөгү мыйзамдар башка дин тутунгандардын укуктарын, өз оюн эркин билдирүү жана ээн-эркин чогулуу укуктарын чектегени белгиленет.

2011-жылдын этегинен тарта Москвада жана анын четинде миңдеген адамдар кармалып, полиция жүздөн ашуун нааразалык акцияларды кууп тараткан. Өлкө боюнча миңден ашуун коммерциялык эмес уюмдар текшерүүдөн өтүп, көпчүлүгү ишмердигин токтотууга мажбур болду.

Amnesty International өткөн жылы кабыл алынган башка улуттар менен келгиндерди басмырлаган мыйзамдар өлкөнүн көпчүлүк аймактарында “элдик дружиналардын” башкаларга зордук-зомбулук көрсөтүүсүнө түрткү берди деп баалайт.

XS
SM
MD
LG