Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Көп аял алуунун көп кырлары


Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам тыюу салганы менен шариятка такап үстү-үстүнө аял алгандар арбып барат.

Кыргызстандын мыйзамдары бир эле мезгилде бир нече никеге турууга тыюу салат. Кылмыш-жаза кодексининин 153-беренесинде мындай деп жазылат:
Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

"Азыркынын султандарын" толугу менен бул жерден угуңуз



Мыйзамбы же шариятпы?

Бул берене боюнча буга чейин бир дагы адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Демек, бир да аял күйөмдүн башка никеси бар деп арызданган эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрага орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

- Көп аял алуу боюнча кодексте санкциялар каралган. Биз эми динден тышкаркы өлкө болгондуктан ушул мыйзам менен жашашыбыз керек. Бул мыйзам албетте шарият мыйзамдарына каршы келет жана кооптуу маселе. Биз баарыбыз өлкөнүн мыйзамдарын аткарууга милдеттүүбүз. Менин жеке пикиримде көп аял алуу аялдардын укугун тебелейт.

Ал эми Кыргызстан элинин 80 пайыздан ашыгы мусулман экенин эске салган мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов көп аял алуунун шарияттагы жол-жобосун мындайча чечмеледи.

- Курандын Ниса сүрөөсүндө төрт аялга чейин үйлөнсөңөр болот, эгер адилеттүү боло албайм деп корксоңор бир эле аялга баш кошконуңар жакшы деп айтылат. Ошондуктан шарият боюнча бир эле учурда төрткө чейинки аял менен жашоого болот.

Чубак ажы көп аял алууга каршы мыйзамдын иштебей жатканын айтып, экиден аялы бар айрым адамдардын атын атады.

- Кыргызстандын мыйзамдары албетте көп аял алууга тыюу салат. Бирок ал мыйзам иштебейт да. Мисалы экиден аялы бар Мыктыбек Арстанбек, Өзбек ажы Чотонов же мурдагы президент Курманбек Бакиев жоопко тартылбай эле жүрүшпөйбү.

Жалилов өзүнүн бир эле аялы бар экенин айтып, бирок дин деп жүрө берип жалгыз жубайын да эптей албай жатканын мойнуна алды. Ал колунан келбегендерди бир аялды эле тыңыраак багууга чакырат:

- Бир аялды ырастай албай жатып экинчи аяга үйлөнүп алгандар да бар. Мен ошол эркектерге байыраак бир аялга “тийип алгыла” деп айтат элем.

Шарият боюнча жесир, ажырашкан жана багар-көрөрү жок аялга баш кошсо чоң сооп болот. Эгер күйөөсүнүн көзү өтүп, артында балдары калган болсо жалпы мурастын сегизден бир бөлүгү бардык аялдарына тең бөлүнөт, ал эми балдары жок болсо мурастын төрттөн бири аялдардын канчанчы болгонуна карабай тегиз бөлүнүшү керек, - дейт Жалилов.

“Аялдарга да көп күйөөгө уруксаат бериш керек!"

Жарандык активист жана феминист Сумсарбек Мамыралиев аялдарга да көп күйөөгө тийүүгө уруксат бериш керек деген пикирде:

- Биринчиден, мен мусулман эмесмин, теңирчимин. Эгер аялды адам катары карасак, көп аял алуу туура эмес. Аял буюм эмес да. Эгер патриархаттар көп аял алгысы келсе, анда аялдарга да көп күйөөгө тийүүгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек.
Марат Кайыпов ушул демилгени көтөрүп чыкканда сен биринчи бир сойку кызды алып, нике кыйдыр. Өзүң коомго үлгү көрсөт. Ошондо мен да күйөөмө сойку кыз алып берем дегем.
Азиза Абдырасулова

Кыргыз элинде көп аял алуу исламга чейин эле бар болчу дейт тарыхчы Кыяс Молдокасымов. Анын айтымында, жоокерчилик заманда көп аял алуу мода эмес, муктаждык болгон.

- Кыргыздарда эгер эркек балалуу болбой жатса же жакшы тукум калтыруу максатында белгилүү кишилерге тандап журүп атайын эле 4 аялга чейин алып беришкен. Маселен Байтик, Шабдан, Тайлак сыяктуу баатырлардын эки-үчтөн аялы болгон. Ал учурда бардар жашаган адамдардын көпчүлүгү көп аял алышкан. Менин чоң атам өтө деле бардар киши болгон эмес, бирок эки чоң апабыз болгон. Көбүнчө байбичелер токолду өздөрү тандап беришчү. Бир сөз менен айтьканда, көп аял алуу кыргыздарда акылмандык менен чечилчү.

Үстү-үстүнө үй эмес, аял алгандар

Азыркы Кыргызстанда көп аял алуу менен элди таң калтыруу мүмкүн эмес. Анткени буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болуп элге көп аял алуунун “үлгүсүн” көрсөтүп келишкен. Эки аялы бар делген аттуу-баштуулар маалымат берүүдөн баш тартышканы менен, айрым маалымат булактары аларды ачык эле жазып келишет.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин токолу жана андан балдары бар экени ал бийликтен кеткенден кийин ачыкка чыккан.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин токолу жана андан балдары бар экени ал бийликтен кеткенден кийин ачыкка чыккан.
Өлкөдөгү ири базарлардын биринин ээси, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бири эки аялдуулардын көч башында келишет. Бул толук тизме эмес.

Көп аял алууну коргоп келген депутат Турсунбай Бакир уулу үстү-үстүнө аял албаганы менен азыркы аялы өзүнөн 37 жаш кичүү экенин жергиликтүү басылмалардын бирине өзү тастыктаган.

Динге берилгендерден Өзбек ажы Чотоновдун, Мыктыбек Арстанбектин жана "көмүр королу" атыккан Нурлан Мотуевдин экиден аялы бар. Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев чуулгандуу тасмадагы келин экинчи аялы экенин “Азаттыкка” берген маегинде айткан эле.

- Ал роликти өзүм да көрдүм. Роликтеги мен экенимди жана ал менин экинчи аялым экенин танбайм. Экинчи аялым менен мындан 4 жыл мурун ак нике кыйып, баш кошконбуз.

Деген менен Рахматулла ажынын биринчи аялы бул окуядан кийин реанимацияга жатып калышы анын токолдон кабарсыз экенин каңкуулагандай.

Маданият тармагында да үстү-үстүнө үйлөнгөндөр аз эмес экени белгилүү. Ырчы Роза Шакирова бирөөнүн экинчи аялы экенин жашырбайт. Шакирова super.kg сайтына берген маегинде буларды билдирген:

- Менин экинчи аял экенимди бүт баары эле билет да. Өзүм деле ачык айтам. Кээ бир жерге барсаң шыбырап ушакташып калышат. Балким бешинчи аялымындыр. Эң негизгиси эрге тийип жашап жатам да. Жолдошумдун бала-чакасы бар. Сөзсүз түрдө каралашып турат, келет дайыма. Балдары чоңоюп калгандан кийин тилиң өтпөйт экен аларга. Биздин баланы да жакында аларга кошуп коём деп жатат. Туугандары менен катышса жакшы нерсе да.

Токолду мыйзамдаштыруу зарылбы?

Көп аял алууну мыйзамдаштырууну биринчилерден болуп демилгелеген мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов бул оюнан дагы деле кайта элек.

- Көп аял алууга кылмыш жазасынын коюлушу эркектерди жоопкерсиздикке түртүп жатат. Азыр эркектердин колунда бары деле, жогу деле каалаганын кылып жатат. Башкача айтканда Кыргызстан "арам сийдиктерге" толуп кетти. Бул союздан калган кылмыш жазасы да. Бул жаза көптөгөн өлкөлөрдө алынып салынган. Биз эле калдык постсоветтик өлкөлөрдөн. Союз учурунда жалаң мусулман өлкөлөргө ушул жазаны киргизишкен. Өнүккөн өлкөлөрдө бул жаза болгон да эмес, аларда мамлекет адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпейт.

“Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова көп аял алууну мыйзамдаштырып койсо эле баары сонун болуп калат дегенге кошулбайт:

- Марат Кайыпов ушул демилгени көтөрүп чыкканда мен ага минтип айткам. Сен биринчи барып цирктин жанындагы сойку кызды алып, нике кыйдыр. Өзүң коомго үлгү көрсөт. Ошондо мен да күйөөмө сойку кыз алып берем дегем. Көп аял алууну мыйзамдаштырса эле сойкулар, бузукулук азаят деген болбогон сөз. Кайыпов балким убагында Бакиевге жагынгысы келгендир.

Укук коргоочунун айтымында, азыркы аялдар өз укугун коргогонду билишпейт жана көп аял алуудан ким жабыркап жатканы дагы деле белгисиз:

- Үй-бүлө маселесине келгенде аялдар укугум тебеленип жатат деп кайрылбайт. Өз таламдарын талашканды билишпейт. Күйөөсү экинчи аял алганда мүлктөрүн, балдарды гана бөлүшөт. Өздөрүнүн укуктарын ойлошпойт дагы.

Ара жолдогу балдарды ким ойлойт?

Ал эми философия илимдеринин доктору Үмүт Асанова көп аял алууга коомдогу демографиялык тең салмактуулуктун бузулушу, ажырашуулардын көп болушу себеп деп билет. Ал көп аял алуудан ортодогу балдар гана запкы тартып жатканын айтууда.

- Негизи бул жерде ортодогу балдардын укугу тебеленип жатат. Жаралган балдардын статусу мыйзамсыз болуп калып жатпайбы. Ошондуктан көп никеден пайда болгон балдарды мыйзамдаштырышыбыз керек. Бул балдар үчүн керек.
Бир аялды ырастай албай жатып экинчи аяга үйлөнүп алгандар да бар. Мен ошол эркектерге байыраак бир аялга “тийип алгыла” деп айтат элем.
Чубак ажы

“Сезим” кризистик борборуна небере эркелетчү курактагы аял күйөөсүн жаш келинге тарттырып жибергенин айтып кайрылган. Окуяны аталган борбордун психологу Анара Өмүркулова айтып берди:

- Бизге 62 жаштагы Бурма деген эже кайрылды. Анын 63 жаштагы күйөөсү жакында эле 37 жаштагы жаш аял алып алыптыр. Болбосо тиги экөө 39 жыл чогуу жашашкан экен. 6 баласы, неберелери да бар. Эми минтип эже эмне кылаарын билбей бизден кеңеш сурап келитир. Күйөөсүнүн жоругун угуп алып психологиялык жактан да аябай жабыркаптыр. Жини келип ажырашам деп жүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2013-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 млн. 670 миң адам катталса, алардын 49,4 пайызын эркектер, 50,6 пайызын аялдар түзгөн. Башкача айтканда, аялдар эркектерге караганда 66 миңге көптүк кылат.

XS
SM
MD
LG