Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Сочи администрациясы акция өткөрүүгө өзүнчө жер берди


XXII Кышкы олимпиада оюндарын тоскон Сочи шаарынын бийлиги мелдештерге байланышпаган акцияларды уюштуруу үчүн шаардын Хоста районун атайын белгиледи. "Олимпиада оюндары саясий иш-чара эмес болгондуктан, эч кандай нааразылык акциялары болбойт деп үмүттөнөбүз", деп айтты Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Козак. Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Владимир Лукин митингдер үчүн бөлүнгөн жер машине, автобус же поезд менен “оңой-олтоң жете турган” жай экенин белгиледи. Орусияда айрым активисттер менен уюмдар 6-23-февралда өтчү Олимпиаданы бойкоттого чакырышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG