Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Ак-Сай: ок атуудан жети аскер жараат алган


Бул тууралуу Баткен облустук биргелешкен ооруканасынан “Азаттыкка” билдиришти. Учурда Баткен шаарындагы ооруканада 5 чек арачы дарыланууда. Алардын бирөөсү оор абалда. Ага азыр операция жасалууда.

"Азаттыктын" тажик кызматынын Кожент шаарындагы кабарчысы эки тажик чек арачы жарадар болуп, ооруканага түшкөнүн билдирет. Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Чек араны коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ражавали Рахмонали Ворухка жөнөп кетти.

Бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда ок атылган. Буга чейин Баткен облусундагы өкмөт өкүлчүлүгү үч кыргыз чек арачысы жараат алганын кабарлаган.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA/JsA/JС)

XS
SM
MD
LG