Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Киев: Мурдагы ички иштер министри реанимацияда


Украинанын мурдагы ички иштер министри жана учурдагы оппозиция лидери Юрий Луценко полиция менен кагылышта жараат алгандан кийин реанимацияда жатат. Луценконун аялы жана анын "Үчүнчү Украина Республикасы" деп аталган уюму бышыктагандай, Луценко бүгүн эртең менен башына сокку жегенден кийин мээси чайкалып калган. Киевдеги кагылыш жума күнү сот 2011-жылы Лениндин эстелигин жардырмакчы болгон деп үч кишини алты жылга кескенден кийин чыкты. Кабарларга караганда, бери дегенде дагы 10 киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG