Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Индия АКШдан дипломатын чыгарып кетүүнү суранды


Индиянын өкмөтү АКШнын Нью-Делидеги элчилигинен бир офицерин чыгарып кетүүнү суранды. Бул Нью-Йоркто виза берүүдө көз бойомочулук кылган деп Индиянын консулдугунда атында иштеген кызматкердин камакка алынышына байланышкан өч алуу аракеттердин акыркысы болуп калды. Агенттиктердин билдиришинче, Индия Девяна КобраГаденин кармалышына Нью-Делидеги чыгарылсын делген америкалык дипломаттын тийешеси бар деп шектенүүдө. КобраГадеге виза жана үй кызматкерине канча акы төлөгөндүгү тууралуу жалган маалымат берген деген айыптар коюлду, бирок дипломатиялык кол тийбестигине байланыштуу ага кечээ АКШдан кетүүгө уруксат берилди.

КобраГаденин кармалышы Индияда катуу нааразылыкты пайда кылды. Аны чечиндирип, тинтишкени жана 250 миң доллар күрөөгө бошотконго чейин башка кылмышкерлер менен бир камерага кармалганы нааразылык жаратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG