Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Франция: президент "ойношу" тууралуу жазган журнал менен соттошот


Францияда президент Франсуа Олланд актриса Жули Гае менен "ойнош мамиледе болгон" деп жазган "Клозер" журналын сотко берем деп коркутту. Ошол эле убакта Олланд акриса менен көңүлдөш болгон эместигин айткан жок. Атактуу адамдар тууралуу жазган "Клозер" басылмасы жума күнкү санында өз ырастоосуна далил катары Париждеги батир үйлөрдүн биринен тартылган жети сүрөттү басты. Эки баласы бар, күйөөдөгү Жули Гаенин адвокаты сурангандан кийин "Клозер" жаңжалдуу маалыматты сайтынан алып сала турган болду, ал эми журнал сатыктан да алынаары белгисиз.

XS
SM
MD
LG