Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Ак-Сай: жараат алган милиция кызматкеринин абалы оор


Бул тууралуу Баткендеги өкмөт өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ак-Сайдагы ок атышуу учурунда Баткен милициясынын “Нива” автомашинасы да талкаланган. Аны менен кошо ичиндеги милиция кызматкери да жараат алган. Азыр милиционер Баткен облустук ооруканасында даряланууда. Абалы оор, бирок туруктуу.

Бүгүн Ак-Сайда тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, кыргыз тараптан 5 чек арачы, бир милиция кызматкери, тажик тараптан 3 чек арачы жарадар болушкан.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA/JcA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG