Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Чек ара кызматы: тажик тарап макулдашууну бузду


"9-январдагы эки республиканын чек ара ведомстволорунун макулдашуусуна карабастан тажик тарап 11-январда куралдуу чыр-чытактын чыгышына өбөлгө түздү" - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө. Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына карата куралды биринчи колдонушканы, атышууну Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин атайын багыттагы бөлүгүнүн зардалы баштаганы да анык болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тараптан кыргыз чек арачыларына карата курал колдонуу жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аскерлердин өзүн алып жүрүү эрежесин одоно бузуулары боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылат. Ошондой эле билдирүүдө "тажик чек арачыларынын чагымчылдыгы буга чейинки макулдашууларды бузду" - деп жазылган.

Тажикстандын тышкы иштер министри тараткан билдирүүдө "20дай кыргыз чек арачылары урушту баштап, эч кандай эскертүүсүз биринчи ок атышкан" - деп айтылат.

Бүгүн Ак-Сайда тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, кыргыз тараптан 5 чек арачы, бир милиция кызматкери, тажик тараптан 3 чек арачы жарадар болуп, ооруканага түшкөн.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш болуп, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG