Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Кыргыз-тажик прокуратурасы чек арадагы окуяны иликтөөдө


Кечээ кечке жуук кыргыз жана тажик прокуратура кызматкерлери биргеликте ок атышуу боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Иликтөөнүн ушул убакка чейин белгилүү болгон жыйынтыгында, тажик тараптан минометтун алты огу атылганы, анын бири жарылбай калганы белгилүү болду. Кыргызстандык саперлор учурда аны зыянсыздандырууга даяр, болгону тажик тараптан тиешелүү өкүлдөрдү күтүп жатышат.

Минометтон атылган снаряддын бири Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү тосмого тийген.

Мындан тышкары, тажик тараптан атылган снайпердик мылтыктын жана эки тараптан атылган автоматтын бир нече гильзалары табылган. Бүгүн эки тараптын прокуратура өкүлдөрү биргелешкен иликтөө иштерин андан ары улантууну пландашууда. (JsA/MTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG