Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Баткен: милиция кызматкеринин акыбалы оор бойдон калууда


Кечээ Баткен районундагы Ак-Сай айылындагы ок атышуу учурунда жаракат алган милиция кызматкеринин акыбалы оор. Ок жеген башка чек арачыларга дагы кан керек болгондуктан, жергиликтүү тургундар кан тапшырууда. Бул тууралуу Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын башкы дарыгери Тургунбай Айжигитов “Азаттыкка” билдирди.

Айжигитовдун маалымдашынча, учурда борбордон дарыгерлер тобу келиши күтүлүүдө.

Кечээ Ак-Сай айылындагы чек арачылардын атышуусунан Баткен милициясынын “Нива” автомашинасы да талкаланып, ичиндеги милиция кызматкери жараат алган. Андан башка 5 кыргыз, 3 тажик чек арачысы жарадар болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атууну тажик чек арачылары баштаганын жана кыргыз тарапка каршы миномет, гранатомет колдонушканы тууралуу билдирүү тараткан.

Буга удаа эле Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чагым кыргыз тараптан болгондугу тууралуу билдирүү тараткандыгын “Азаттыктын” тажик кызматы жазып чыкты.

Кечээ кечке жуук кыргыз жана тажик прокуратура кызматкерлери биргеликте ок атышуу боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштаганын “Азаттыкка” Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.(JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG