Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Испанияда баск жикчилдерин колдогон ири демонстрация болду


Испаниянын түндүгүндө он миңдеген киши баск жикчилдерин бошотуу талабы менен демонстрацияга чыкты. Баск дубанынын Билбао шаарында он миңдеген демонстрант ЭТА деп аталган басктардын жикчил уюмунун түрмөдөгү мүчөлөрүн бошотууну талап кылышты.

ЭТАны 40 жылга чукул мезгил аралыгында 800дөн ашык кишини өлтүргөн деп айыптап келишет. Бирок ЭТА 2011-жылы элдешүү жарыялаган. Жакын арада куралын да ташташы мүмкүн экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG