Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Сирияда салгылашуулар уланууда


Согушкерлер Ирак ислам мамлекети жана Левант деп аталган уюшмалар менен Сириянын түндүк-батышындагы Саракеб шаарынын жанында салгылашты. Саракебде ишемби күнү машинасы бомбага жарылганда, козголоңчулардын беш аскери набыт болду.

Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктары обсерваториясы билдиргендей, согушкерлер танктарды жана оор автоматтар орнотулган жүк ташыгычтарды колдонуп жатышат.

Козголоңчулар "ал-Каида" менен ымалалаш топтор менен согушуп жатканда өкмөттүк күчтөр Алеппо шаарына жакындап келди. Кечээ Сириянын армиясы Алепподон түндүктөгү Накарин шаарын басып алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG