Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Шарондун сөөгү бүгүн жерге берилет


Израилдин мурдагы премьер-министри Ариэл Шарондун сөөгү бүгүн жерге берилет. Коштошуу зыйнатына дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн таасирлүү кишилер келери күтүлүп жатат. Тажия жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат экиге белгиленген.

Ариэл Шарон Израил мамлекетинин тарыхындагы бардык орчундуу окуяларга түздөн-түз катышкан. Жөөт армиясында ал кезегинде эң жаш полковник болгон жана кийин генералдык наамга жеткен. Саясатка катышкандан тартып айыл чарба министри, коргоо министри, өнөр жай министри жана андан соң тышкы иштер министри болуп иштеген.

2006-жылдын башында 77 жаштагы Шарон мээсине кан куюлуп, эс-учун жоготкон. Дээрлик сегиз жыл эсине келбей жатып, 11-январда 85 жашында дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG