Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Жаңы муфтий журналисттер менен жолугат


Бир апта мурун муфтийдин милдетин аткарууга киришкен Максатбек Токтомушев бүгүн журналисттер менен жолугат. Жолугушуу Мусулмандар дин башкармалыгынын имаратында болорун муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда Токтомушев соңку учурда муфтияттын айланасындагы талаштар, ал жердеги кадр маселеси жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берет.

Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев өзүнө байланыштуу тасма интернетке жайылгандан соң 7-январда жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган. Анын ордуна Уламалар кеңеши тарабынан буга чейин муфтийдин орун басары болуп иштеген Максатбек Токтомушев убактылуу шайланган.

Жаңы муфтийди шайлоо же Токтомушевди биротоло муфтийликке бекитүү 8-февралда боло турган кыргызстандык мусулмандардын курултайында аныкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG