Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Чек арада жабыркаган аскерлер Бишкекке жеткирилди


Кыргыз-тажик чек арасында куралчан кагылышуудан жабыркаган үч аскер кызматкери Баткенден Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынан кабарлашты. Жараат алган жоокерлердин абалы туруктуу. Аларды дарылоого Чек ара кызматынын доктурлары да катышып жатат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бүгүн эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин жетекчилери жолугушуу өткөрөт. Ага жергиликтүү күч жана башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG