"Ата-Журт" партиясынан депутат Акматбек Келдибековго бүгүн бутуна операция жасалат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишенимдүү булактар кабарлашты. Келдибеков бир нече күн мурда Бишкектин №4 ооруканасына которулган. Бүгүн жасала турган операция мурда алган жарааты козголгонуна байланыштуу экени айтылууда.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдын ала билдиргенине караганда, операция Келдибековдун бөйрөгүндөгү ташка байланыштуу жасалат.
Акматбек Келдибеков Социалдык фондду, кийинчерээк Жогорку Кеңешти башкарып турганда мамлекеттин акчасына кол салган деген айып менен УКМКнын тергөө абагына былтыр ноябрда камалган. Келдибеков өзү жана анын тарапкерлери бул камоону саясый куугунтук деп атап келет.
Бүгүн №4 ооруканада дагы бир белгилүү мамлекеттик кызматкер, Баш прокурор Аида Салянова операция болду. Ал дем алыш күндөрү лыжа тээп жүрүп кырсыктаган. (RK)