Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

ТИМ чек ара окуясы боюнча билдирүү таратты


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу билдирүү таратты. Анда тажик тараптын окуяга берген баасына нааразылык айтылган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги окуянын чоо-жайы иликтене электе билдирүү таратканы, анда тажик тарап окуяга спекулятивдүү баа бергени, чуу чыккан жердеги унаа жол тактала элек тилкеде эмес, Кыргызстандын өзүнүн аймагында салынып жатса да тажик аскерлери зомбулук көрсөткөнүнө нааразылык келтирилген. Тажик тарап эл аралык норманы бузуп, Кыргызстандын аймагында кыргыз аскерлерине артиллериялык куралдан ок атканы да чоң нааразылык жаратканы айтылган.

11-январда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, коңшу өлкө чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок атышкан. Ага жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарып, натыйжада Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 чек арачы жарадар болгон. Ошол эле күнү кыргыз тарап чек араны белгисиз мөөнөткө жапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG