Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Израилде бүгүн Ариэл Шарондун сөөгү жерге берилет


Бүгүн Израилге мурдагы премьер-министр Ариэл Шаронду акыркы сапарга узатуу үчүн өкмөт чиновниктери жана дипломаттар келишүүдө. Ариэл Шарон Газа менен чектеш жерге жакын жайгашкан Негев чөлүнүн аймагында үй-бүлөлүк фермада жубайынын жанында жерге берилет.

Жекшембиде Ариэл Шарондун сөөгү коштошуу үчүн Израилдин парламентине коюлган. Аны акыркы сапарга узата турган топ Иерусалимден батышты карай басып, Латрун деген жерде бир жолу токтойт. Ал жерде Ариэл Шарон 1948-жылы араб-израил согушунда жарадар болгон. Армиянын генералы Шарон Израил баштаган төрт согушка катышкан.

Израилдин мурдагы премьер-министри, дээрлик сегиз жыл эсине келбей жаткан, 85 жаштагы Ариэл Шарон 11-январда дүйнө салды. 2001-2006-жылдары израил өкмөтүн жетектеген Шарон Жакынкы Чыгыштагы таасирдүү лидерлердин бири катары тарыхта калды. Дүйнөлүк лидерлер көңүл айтууну улантышууда.(AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG