Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Бангкокто оппозиция жолдорду бууду


Бангкокто премьер-министр Йинглак Чинаваттын кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициянын массалык нааразылык акциялары уланууда. Оппозиция мүчөлөрү шаардын жашоосун толук токтотобуз деп эскертишүүдө. Миңдеген активисттер борбор калаанын түрдүү райондорунда жайгашкан трассаларды тосо баштады. Айрымдары баррикадаларды куруп, маанилүү жети жолдун кесилиштерин тороп салышты. Бүгүн Таиланддын борбор калаасында ири манифестация өтмөк.

Бийликтердин буйругу боюнча, шаар көчөлөрүн 18 миң коопсуздук кызматынын мүчөлөрү кайтарууда. Митингдердин катышуучулары 2013-жылдын ноябрынан тарта Йинглак Чинаваттын өкмөтүн шайланбаган "элдик кеңешке" алмаштыруусун талап кылып келишет.

Саясий туңгуюктан чыгуу үчүн Йинглак Чинават февралга эрте шайлоолорду жарыялаган, ага оппозиция бойкот жарыялады. Кагылышууларда сегиз адам мерт кетти, ондогон адамдар жараат алышты. (AiK)

XS
SM
MD
LG