Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

“Мекеним Баткен” чек арада коопсуздук чараларын күчөтүү талабын койду


Аталган коомдук бирикме бүгүн өлкө жетекчилерине жана коомчулукка жолдогон кайрылууда былтыр республикада катталган чек ара чырларынын дээрлик 90 пайызы Баткен облусунда катталганы жана бул окуяларга тиешелүү органдардын чечкинсиз, кѳңүлкош мамилелери 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу-кандуу кагылышына себеп болгону, азыр да чек арадагы эл арасында кооптонуу, чочулоо күч бойдон калып жатканы белгиленген. Мындан тышкары Кѳк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолу курулуп жаткан жерлер эч кандай талаш эместиги жана ал жолду куруу үчүн Тажикистан тараптан эч кандай “уруксатка” муктаждык жоктугу, жакында эле Дүйшѳмбү калаасында тажик тарап менен сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзгѳн вице-премьер Токон Мамытовдун “ал жерлер биздики” деген принципти кармана албай, “тактала элек жер” дегенге ыктаганы, “жол курулса силер да, биз да пайдалана беребиз” дегени эл арасында бир топ нааразылыктарды жаратканы, бийликтин “Тажикстан менен болгон чек араларды жаптык” дегени да чындыкка коошпой, чек ара чырларына карабастан контрабандалык товарлар байма-бай ѳткѳрүлүп турганы ар кандай шектенүүлѳрдү жаратканы айтылат.

Кайрылуу соңунда бийликке: Кѳк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолу ар кандай тоскоолдуктарга карабастан аягына чыгарылсын; 11-январдагы куралдуу кагылышта ѳз милдеттерин так аткара албаган мамлекеттик жетекчилер шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотулсун; жараат алгандарга мамлекет тарабынан материалдык жардам кѳрсѳтүлсүн; чек арага жакын айыл тургундарынын коопсуздугу күчѳтүлгѳн тартипте коргоого алынсын; чек арадагы бардык маселелер чечилгенге чейин Өзбекстан жана Тажикстан менен байланыштырган чек ара бекеттери элдин коопсуздугу үчүн жабыла турсун, - деген бир канча талаптар коюлган.

11-январда Баткендин Ак-Сай айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетип, 5 кыргыз аскери жана 1 милиция кызматкери жаракат алган. Тажикстан тараптан да 3 аскер жабыркаганы айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG