Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Экс-министр Курманалиев сыртынан соттолду


Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев соттолду. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кызматынан кыйнаттык менен пайдаланган деп таап, 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка сыртынан соттоду. Ошондой эле болгон мүлкүн мамлекетке чегерүүнү буюрду. Курманалиевге карата кылмыш иш ал 2009-жылы жеке компанияларга лицензияны мыйзамсыз берген деген айып менен былтыр козголгон болчу. Бирок ал Кыргызстандан чыгып кеткен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG