Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Кыргыз-тажик чек ара башчылары жолукту


Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлады. Маалыматка ылайык, Баткен шаарында өткөн жолугушууга кыргыз тараптан Чек ара кызматынан төрагасынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Тажикстандан Чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали катышты. Жолугушуу жүрүшүндө эки тарап чек ара аймактарындагы аскерлерди алып чыгып кетүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүү учурунда тажик тарап Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун токтотууну талап кылса, Кыргызстандын өкүлдөрү бул жолдун курулушу токтотулбай турганын билдирип жана бул маселени эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясы кароосун сунуштады.

Натыйжада протоколго кол коюлуп, тараптар 3 күн ичинде талаштуу аймактарды биргелешип кайтаруу багытын аныктамай болушту.

11-январда Баткен районунда тажик чек арачылары баштаган атышуу учурунда Кыргызстандын Чек ара кызматынын 5 жоокери жана милициянын бир кызматкери жабыркаган болчу. Алардын үчөө Бишкекте, үчөө Баткенде дарыланып жатат. Абалы туруктуу.

Чатакка кыргыз тараптын Баткенде жол куруп жатканы себеп болгон. Кыргызстан ал жерди өзүнүкү деп эсептейт, ал эми тажик тарап ал тилке кимге таандык экени тактала элек экенин айтууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG